- Айдаганың беш эчки ышкырыгың таш жарат.
- Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт.
- Оюундан от чыгат.
- Шамал болбосо, дарактын башы кыймылдабайт. (же…жалгыз дарак бак болбойт)
- Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт.
- Бака майрыктыгын билбей жыланды ийри дептир.
- Айтылган сөз атылган ок.
- Убакыт учкан куштай.
- Эшигин көрүп төргө өт, энесин көрүп кызын ал.
- Таш менен урганды аш менен ур.
- Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт.
- Шакылдаган эчкини, суу кечкенде көрөбүз. (же….. бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз)
- Алма быш оозума туш.
- Жаз жарыш, куз күрөш.
- Кары келсе ашка, жаш келсе ишке.
- Жакшы бала очок карайт, жаман бала казан карайт.
- Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы.
- Мактаган кыз тойдо осурат.
- Кыз бар үйдө кыл жакпайт.(же….. аял үйдүн куту)
- Билеги бар бирди жыгат, билими бар миңди жыгат. (же….. жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы)
- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
- Улуунун сөзүн капка сал.
- Өлгөндө сое турган малың, ыйлай турган балаң болсун.
- Ширин сөз жылаанды ийининен чыгарат. (же…. жылуу сөз жыланды ийининен чыгарат)
- Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
Напишите ответ или комментарий