म Бай менен кедей кошуна жашаптыр. Бай аябай боорукер, колу ачык кошуна болуптур. Кедей отун сатып оокат кылчуу дейт. Байдын жалгыз уулу болуптур, а кедей кошунанын торт баласы бар экен. Бай дайыма кедей кошунасына тамак аштан, кийим кечеден жардам берип журот экен. Кундордун биринде бай кошуна соода сатык менен алыска кетиптир. Соода иштери менен беш-алты айда уйуно келиптир. Келип ал- акыбал сурашкандан киийин эле аялынан: “Кошуна кандай, бала чакасы жакшыбы?- деп сурайт экен. Сураса аялы айтат дейт, “Аларда бир жаман иш болду, кызы каза болду. Бирок кызы каза болгондон кийин кошуна кичине озгорду. Откондо уулубуз алардын уйуно кирсе эт жеп отурушкан экен, ошол эттен бир узум балабызга ыраа корушпоптур. Сиз аларга дайыма жардам берет элениз”- дейт экен. Ангыча кошунасы кирип калат дейт, ал акыбал сурашып. Бай: “Кел кошуна, кандай жатасынар? Уктум кызын каза болуптур, жаман иш болуптур. Бирок откондо уулум уйунорго барганда эт жеп отуруптурсунар, уулуман бир узум этти аяптырсын, бул кандай кошуна?- дептир. Кедей кошунасы козуно жаш толтуруп: “Туура, уулунузга бир узум этти ыраа корбодум. Кызым ачарчылыктан олду. Сиз бар, биздин кемчилигибиз билинбей турган экен. Сиз кетип аябай кыйналдык. Тамак-аш жоок балдарым ачкадан кыйналды. Кызымда отуп кетти. Бир кун токойдо отун терип журсом, эшек олуп жатыптыр, балдарым ачкадан олбосун деп, арам эшектин этин сойуп келип, ошол менен жан сактадык. Ошол этти жеп атканда уулунуз кирген. Сиздин бизге кылган жакшылыгыныз учун кантип арам этти уулунузга жедирем?”- деп аябай коз жаш тогуп ыйласа. Бай кошуна кошо ыйлаптыр. “Акча табам деп кетпесем сиздин да кызыныз каза болбойт эле. Мен куноолумун. Ажыга барам деп акча топтоп келгем. Ошол акчаны сизге берейин, мына. Сиз кошуна ачка отурсаныз мен кантип ажыга бармак элем деп акчасын берет дейт. Ажы маалы болуп баары, жоноп кетиптир, бай ажыга барбай калыптыр. Бир айдан кийин ажыдан кайткандар баары баягы бай кошунаны Ажы аке деп келишиптир. Бай тан калып: “Мен барбадым”- десе барган элдер: Жоок Ажы аке, сизди Каабада кордук го, чогуу бут амалдарды аткардык, го. Сиздин мына туйунунузду ала кеткиле, мен бираазга кармалам, дебединиз беле?”- дешип баары ызылдашыптыр. Тан калган бай туйунду ачса, Каабада кийиле турган кийим экен. Ошол куну туш корот экен. Тушундо бай Каабаны айланбай. Аллахтын амири менен, Кааба байды жетимиш жолу айланат экен. Корсо кошунасына кылган жакшылык учун байды Аллах Таалам ажы кылыптыр. Асмандан периштесин тушуруп, байдын кейпин кийгизип, бут амалдарды бай учун жасатыптыр.
*Айтайын дегеним:
Кеп Ажыга барганда эмес, кылган амалыбызда, кылган жакшылыгыбызда, ниетибиздин туздугундо. Аллага чын дилден ишенишибизде. Пайгамбарыбыздын уммоту экенибизге сыймыктанышыбызда. Аллах Таалам кандай мээримдуу?! Сиздагы соткаңыздагы бүт контактыларга жибериңиз!

Средний рейтинг
0 из 5 звезд. 0 голосов.
Мой рейтинг:
24open
Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:

    Напишите ответ или комментарий

    Ваш адрес электронной почты не будет опубликован.


    Вы можете использовать эти HTML теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>